Климат жумалыгы: Климаттын адаптациясын каржылоо
10-октябрь 2024, 13:46

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан Климат боюнча Улуттук диалогдун негизги маселелеринин бири климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат. Бишкекте өтүп жаткан Улуттук климаттык форумдун алкагында Кыргызстанда айыл чарбасын коргоо, суу менен камсыздоону жакшыртуу жана экосистемаларды сактоого багытталган зарыл чаралар талкууланууда.
Кыргызстандын айыл чарбалары климаттын өзгөрүшүнө барган сайын аярлуу болуп баратат. Кургакчылык жана суу ташкыны сыяктуу аба ырайынын өзгөрүшү дыйкандардын түшүмдүүлүгүнө жана кирешесине терс таасирин тийгизүүдө. Демек, туруктуу айыл чарба практикасына инвестиция салуу, анын ичинде ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, сугат тутумдарын өнүктүрүү жана адаптациялык технологияларды киргизүү маанилүү.