Климат жумалыгы: Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча аракеттерин бириктирүү
10-октябрь 2024, 17:40

Климат жумалыгы: Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча аракеттерин бириктирүү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги климаттык диалог платформасынын ишин жандандырат! Демилге климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелеринде өкмөттөн жарандык коомго, бизнеске чейинки бардык секторлордун күч – аракеттерин бириктирүүгө багытталган.
Жалпы билим жана тажрыйба өлкөбүздү климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан коркунучтардан коргоого жардам берет!
Бүгүн, 10-октябрда Бишкекте башталган "КС-29 га жол" Улуттук климаттык форум-диалогунун алкагында адаптациялык аракеттерди координациялоо, климаттык тобокелдиктерге каршы туруу боюнча чараларды күчөтүү жана зарыл болгон каржылоого жетүүнү жакшыртуу маселелери каралууда.
#Климатфорумкр #климатическое действие #Зеленая экономика #Адаптацияклимату #Кс29 # Кыргызстан # Бишкек