Өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар үчүн таштандыларды утилдештирүү боюнча жаңы милдеттенмелер
11-март 2025, 09:43

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Өндүрүштүк жана керектөө таштандылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (№181, 15.08.2023-ж.) алкагында өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) принциптерин киргизүү жөнүндө маалымдайт. Бул ыкма «булгатуучу төлөйт» принцибине негизделген жана өлкөдө таштандыларды башкарууну жакшыртууга багытталган.
Министрлик эки жыл бою өндүрүүчүлөр, импорттоочулар жана бизнес өкүлдөрү арасында жаңы экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген.
ӨКЖ негизги жоболору
Төлөөчүлөр төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш:
• Товарлардын жана алардын таңгагынын керектөө касиетин жоготкон калдыктарын кайра иштетүүнүн белгиленген нормаларын өз алдынча камсыз кылуу.
• Же болбосо, бюджетке утилдештирүү төлөмүн төлөө.
Утилдештирүү төлөмү эмнеге жумшалат?
Таштандыларды утилдештирүү үчүн топтолгон каражаттар төмөнкү багыттарга жумшалат:
1. Таштандыларды кайра иштетүү.
2. Таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү жана өнүктүрүү.
3. Ысырапсыз технологияларды ишке киргизүү.
4. Таштандыларды утилдештирүүчү заводдорду жана сорттоо линияларын куруу.
5. Адистештирилген техникаларды сатып алуу жана таштандыларды бөлүп чогултуу системасын кеңири жайылтуу.
6. Экинчи жолу колдонулуучу ресурстар рыногун өнүктүрүү жана таштанды полигондорунун санын кыскартуу.
7. Пайдалуу таштандыларды полигондорго көмүү практикасын жоюу.
8. Экологиялык ишкердикти өнүктүрүү.
Кайсы товарларга утилдештирүү төлөмү алынат?
Төлөм 24 категориядагы товарларга жана таңгактарга карата алынат, алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
• Пластикалык таштандылар, баштыктар, тетрапак;
• Автомобилдик жана өнөр жай аккумуляторлору, колдонулган майлар;
• Электрондук таштандылар (тиричилик техникалары, гаджеттер);
• Автошиналар жана башка товарлар.
Эскертүү!
2025-жылдын 1-январынан тартып бардык төлөөчүлөр таштандыларды кайра иштетүүнү камсыз кылууга же утилдештирүү төлөмүн Кыргыз Республикасынын Табият ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин эсебине (реквизиттер төмөндө көрсөтүлгөн) төлөөгө милдеттүү.
Топтолгон каражаттар «ӨКЖ Оператору» аттуу атайын уюмга өткөрүлүп берилет жана ал алардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт.
Маанилүү!
Мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт. Өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар жаңы талаптар менен таанышып, өз милдеттенмелерин өз убагында аткаруусу сунушталат.
Маалымат үчүн:
Товардын тизмеси, төлөм ставкалары жана утилдештирүү төлөмүн төлөө тартиби төмөнкү Министрлер Кабинетинин токтомдору менен бекитилген:
1️. Утилдештирүүгө тийиштүү товарлардын жана таңгагынын тизмеси жана алардын кайра иштетүү нормалары – Токтом №322, 19.06.2024.
2️. Өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар үчүн отчеттуулук тартиби – Токтом №563, 13.09.2024.
3️. Утилдештирүүгө тийиштүү товарлардын жана таңгагынын көлөмүн декларациялоо тартиби – Токтом №545, 30.09.2024.
4️. Утилдештирүү төлөмүн төлөө тартиби жана төлөм ставкалары – Токтом №730, 03.12.2024.
Төлөм реквизиттери:
* Уюмдун аталышы: Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мекемеси
* Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН): 00306202110080
* ОКПО: 30968288
* Банк: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы
* БИК: 440001
* Эсеп номери: 4402011000102181
* Төлөм коду: 14153200
* Төлөм максаты: Утилдештирүү төлөмү