Кайра жаралуу символу катары жаңы стиль: Жаратылыш министрлиги логотипти өзгөртөт

Чүй өрөөнү
Кайра жаралуу символу катары жаңы стиль: Жаратылыш министрлиги логотипти өзгөртөт

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо, экология, климат, геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү алдыңкы мамлекеттик орган катары өзүнүн фирмалык стилин, логотибин жаңыртат. 


ЮНЕП Эл аралык өнөктөшү менен биргеликте министрликти бренддөө боюнча иштер жүргүзүлдү. Жаңы логотип иштелип чыгып, фирмалык түстөрү аныкталды, ошондой эле промо өнүмдөр жана социалдык тармактар үчүн визуалдык концепция түзүлдү. 

Логотиптин символикасы 

Жаңыланган логотип министрликтин ишинин негизги багыттарын чагылдырат жана негизги элементтерди камтыйт: 

* Тоолор-Кыргызстандын жаратылышынын улуулугунун жана күчүнүн символу, улуттук өзгөчөлүктү жана жаратылыш ресурстарынын байлыгын чагылдырат. 

* Күн-өнүгүүнүн, туруктуулуктун жана экологиялык тең салмактуулуктун белгиси. 

    * Жалбырак-экологиялык багытты, жаратылышка кам көрүүнү жана ресурстарды сактоого басым жасайт. 

    * Урма аспап-Геологияга байланыштуу элемент техникалык көзөмөл, көзөмөлдү жана жоопкерчиликти билдирет. 

    * Калкан-ишенимдүүлүктүн, коргоонун, туруктуулуктун жана тектүүлүктүн белгиси. 

    * Тегерек-жаратылыштын биримдигинин, гармониясынын жана циклдик мүнөзүнүн символу, баардык элементтерди бир композицияга бириктирет. 


Жаңы логотип министрликтин визуалдык өзгөчөлүгүн гана эмес, анын миссиясын да чагылдырат – жаратылыш байлыктарын сактоо, туруктуу өнүгүү жана экологиялык стандарттардын сакталышын көзөмөлдөө.