Жарандардын кайрылуулары ыкчам каралат

Чүй өрөөнү
Жарандардын кайрылуулары ыкчам каралат

Жарандык активист "danilshuvalov_sfr" Жаратылыш ресурстар министрлигинин Instagram баракчасына Кара-Балта шаарынын Түштүк өнөр жай аймагында жайгашкан СУ4 ЖАОнун асфальт-бетон заводу абаны булгап жатканын билдирген видеоматериал жөнөткөн.

Кырдаал менен таанышуу үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын инспекторлору 2024-жылдын 15-январында Кара-Балта шаарындагы Түштүк өнөр жай аймагына барышкан. ЗАО СУ4 асфальт заводу темир жол цистерналарын жылытуу үчүн буу генераторлорун жылытып, нефтебитумду агызуу иштерин жүргүзүп жатканы жеринде аныкталган. Буу генератордук казан Шабыркул көмүрү менен иштетилгенде атмосферага булгоочу заттар чыгат жана ишкана турак жайлардан 3 чакырымдан ашык аралыкта жайгашканы аныкталган.

Ишкананын жетекчилиги менен  инспекторлор да жолугуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мордон (котельныйдан) чыккан түтүн боюнча аталган ишкананын жетекчилиги тарабынан түшүнүк кат жазылган. «АБЗ ЗАО СУ4» ишканасына тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) өрттөп жибербөө жана бул тыюу салынган заттар күйгөн учурда 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып пул салынаары тууралуу эскертүү берилди.