«Москва районунда дагы бир мыйзамсыз фазан кармоо учуру»
11-ноябрь 2024, 14:39
Чүй өрөөнү

Узун дем алыш күндөрү Жаратылыш ресурстар жана экология министрлигинин кызматкерлери Москва районунда экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн рейд өткөрүштү. Винсовхоз айылында жүргүзүлгөн иш-чара учурунда төрт фазанды мыйзамсыз кармаган жарандар кармалды. Жапайы канаттууларды уруксатсыз кармоо экологиялык мыйзамдардын бузулушу болуп саналат, жана мыйзам бузуучулар га эми айыппул салынат.
Министрлик анчы-егерлердин аймагы чоң болгондуктан, штаттык кызматкерлер аны толугу менен камтый албай тургандыгын белгилейт. Тартипти сактоодо көп жардам көрсөткөн кошумча кызматтагы егерлердин орду чоң. Мисалы, 6-ноябрда, ушул эле Винсовхоз айылында, кошумча штаттан тышкаркы эгерлер Сарыбаев К. жана Дуйшонбеков А.нын аркасында күндүзгү убакта мыйзам бузуучулар кармалып, жаратылышка дагы чоң зыян келтирүүнүн алдын алуу мүмкүн болду.
Министрлик экологиялык мыйзамдарды сактоо региондун биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо үчүн маанилүү экенин эскертип, бардык жарандарды жана аңчылыкты сүйүүчүлөрдү жаратылышка аяр мамиле кылууга жана мыйзамдарды сактоого чакырат.