“Кыргызстанда таза аба боюнча прогресс” көп тараптуу диалогунун биринчи бөлүгү
26-февраль 2025, 13:03
Чүй өрөөнү
.jpeg)
Көп тараптуу диалогдо сөз сүйлөгөндөр: Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ыйман нуру” парламенттик фракциясынын лидери Ашимова Д., Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин (DPCC) теңтөрагасы Антье Граве, Дүйнөлүк банктын өлкөлүк менеджери Хью Ридделл, Азия өнүктүрүү банкынан өлкө боюнча директор, DPCCнын теңтөрагасы Женг Ву.
Диалогдун жүрүшүндө Бишкек жана Чүй облусунда атмосфералык абанын булганышы боюнча өнөктөштүктө аткарылып жаткан иштер жана смогдун негизги себептери боюнча маалымат берилди.
Иш диалог алкагында беш сессияга бөлүнүп, катышуучулар көйгөйдү чечүүнүн жолдорун кеңири талкуулашат.
Биринчи сессия «Абанын сапатынын көрсөткүчтөрү, булгануунун себептери жана кесепеттери» темасына арналды.
Анда Кыргызгидрометтин атмосферанын булганышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жусупова А. “Атмосфералык абанын булганышын мониторинг кылуу” тууралуу баяндама жасады.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Арыкбаева Б. «Бишкек шаарында абанын булганышынын негизги булактары жана анын калктын ден соолугуна тийгизген таасири» тууралуу сөз сүйлөдү. Ошондой эле ИКВ – абанын сапатынын индекси боюнча иштеп чыгуунун этаптары тууралуу маалымат берилди.