Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ЕККУнун Программа кеңсесинин кызматташуу планына кол коюлду
03-март 2025, 13:53

2025-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Бишкектеги ЕККУнун Программа кеңсеси кызматташуу планына кол койду. Кол коюу аземине Министр М.Машиев жана Бишкектеги ЕККУнун Программа кеңсесинин башчысы А.А.Рогов катышты.
Бул План экология жана экологиялык коопсуздук боюнча биргелешкен иш-чараларды камтыйт жана алар жыл ичинде ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, ЕККУ көп жылдан бери Министрликтин адистеринин потенциалын жогорулатууга эксперттик колдоо көрсөтүп, техникалык жардам берип, Кыргыз Республикасынын Орхус Конвенциясы боюнча милдеттемелерин аткарууга жана өлкөдөгү Орхус борборлорунун иштешине көмөк көрсөтүп келет.
Белгилүү болгондой, Орхус борборлору коомчулуктун айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт.