КАНАТТУУЛАРГА ЖАРДАМ

Баткен өрөөнү
КАНАТТУУЛАРГА ЖАРДАМ

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын  кызматкерлери кышкы санак атайын рейдинин алкагында Лейлек районунун Арка айылында Баткен регионалдык башкармалыгынын Лейлек районундагы егери тарабынан жабыркап калган бүркүт табылган. 

Жараат алган канаттууга жеринде алгачкы ветеринардык жардам көрсөтүлүп, Министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын башчысынын тапшырмасына ылайык “HABU илбирс” реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилди.

Аталган реабилитациялык  борбору жабыркаган  жапайы жаныбарлар жана канаттууларга атайын жардам көрсөтүлүп, кайра жаратылыш чөйрөсүнө койо берилет.