Манас айыл өкмөтүндөгү санкцияланган таштанды полигонундагы өрт

Чүй өрөөнү
Манас айыл өкмөтүндөгү санкцияланган таштанды полигонундагы өрт
2024-жылдын 29-ноябрында Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүндөгү санкцияланган таштанды полигонунда өрт чыккан. 


Өрт эртең менен башталган. 


Окуя болгон жерге Чүй экологиялык жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери жетекчиси менен чогуу тез арада барышкан. 


Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ӨКМ кызматкерлери тартылган. 


Өрт ошол эле күнү саат 21:30да толугу менен өчүрүлгөн.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин төмөнкү беренелери боюнча үч протокол түзүлгөн:


230-берене – таштандылар менен иштөө эрежелерин бузуу,


212-берене – объектилерди эксплуатациялоодо экологиялык талаптарды бузуу,


434-берене – ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, көрсөтмөлөрүн же талаптарын аткарбоо же аткаруу тартибин бузуу.


Буга чейин кызмат тарабынан Манас айыл өкмөтүнүн (мурда Ат-Башы айыл өкмөтү, административдик-аймактык реформа алкагында өзгөртүлгөн) ишмердүүлүгү пландуу текшерүүдөн өткөрүлгөн. 


Анын жыйынтыгында таштанды полигонун пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн көрсөтмөлөр берилген. 


Бирок бул көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан, 434-берене боюнча протокол түзүлдү