Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан атмосфералык абаны коргоо боюнча көрүлгөн чаралар
27-ноябрь 2023, 15:04

Атмосфералык абаны коргоо бөлүмү тарабынан "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы (м.а- Кызмат) менен биргеликте 2023-жылдын октябрь айында "Акун", ЖЧК «Би Пласт» «С легким паром», Асфальт чыгаруучу ишкана заводу «Джагалмай», АО «Асфальтобетон» Ош ш, «Викинг» эс алуу жайы, Токмок шаарындагы ЖЧК «ИС-Саби» ишканалары текшерилген. Текшерүүнүн жүршүндө аталган ишканаларда Буу газ орнотмолору (ПГУ) жок атмосферага чыгаруулар жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган. Жеринде Кыргыз Республикасынын Укук бузулар жөнүндө кодексинин 230-беренеси негизинде, Атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун тартибин бузгандыгы үчүн айыптар салынган жана отказандардын иши бузууларды жойгонго чейин токтотулган.
Мындан сырткары жарандардын кайрылууларынын негизинде Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын аймагында кум-шагыл жана чопо продукциясын казып алууга лицензиясы бар 14 ишкер субъектиге текшерүүлөр жүргүзүлгөн, алардын иши текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча токтотулган.