Министр М. Машиев «Кыргызстандагы таза аба боюнча прогресс» көп тараптуу диалогунда негизги маселелерди белгиледи.
26-февраль 2025, 10:59

Иш-чараны ачып жатып, министр «бүгүнкү күндө кара түтүн көйгөйү 21-кылымдын экологиялык маселелеринин жаңы чакырыктарынын бири болуп эсептелет. Бул акыркы бир нече жылда антропогендик таасирлердин активдешүүсүнөн улам пайда болду» деп белгиледи.
Министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Бишкекте жана аймактарда экологиялык абалды жакшыртуу боюнча көргөн чаралары тууралуу айтып өттү. Ал 2024–2025-жылдарга карата абанын сапатын жакшыртуунун приоритеттүү чараларынын планына ылайык иштер жүрүп жатканын, газдаштыруу, кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү, транспортту модернизациялоо, таштандыларды утилдештирүү, жашылдандыруу боюнча инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.
Ошондой эле министр «бүгүнкү күндө атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча толук кандуу чаралар көрүлүп жатат. Өнөктөштөр жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруудабыз. Ошол эле учурда бул маселени чечүү үчүн бардык деңгээлдерде комплекстүү жана координацияланган чараларды күчөтүү зарыл» деп баса белгиледи.