Мыйзамсыз кармалган жырткыч канаттууларды аныктоо иштери уланууда
17-июль 2024, 18:27

Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын егерлери жана ИИБнын милициясынын инспектору менен биргеликте мыйзамсыз кармалган жырткыч канаттууларды аныктоо боюнча рейдттик иш-чараларды улантууда.
Учурда Чоң Ак-Суу капчыгайында рейдттик иштердин натыйжасында Кызыл китепке кирген 4 бүркүт кармалып, Каракол шаарында жайгашкан Бугу-Эне реабилитациялык фондуна акт менен өткөрүлүп берилди.
Укук бузуу кодексинин 262-беренесине ылайык 20 миң сом айып пул салынды.
Бул иш-чара үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Жырткыч канаттууларды мыйзамсыз кармоо жана аларды пайдалануу фактылары аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн жарандарды тез арада 108 ишеним телефонуна билдирүүнү суранабыз.