“Аркарларды коргойлу” аттуу тренинг өттү

Талас өрөөнү
“Аркарларды коргойлу” аттуу тренинг өттү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас региондук башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн аңчы-инспектору Жаманкулов М.А., корукчусу Темирбаев Р.А., ошондой эле “Кара-Буура” мамлекеттик жаратылыш паркынын улук илимий кызматкери Орозбаева Н. жана корукчусу Тургунбек уулу К. биргеликте Жаны-Жер (Бейшеке) айылындагы Т. Айтманбетов атындагы орто мектебине барышып, “Аркарларды коргойлу” аттуу тренинг өткөрүштү.

Иш-чарага 9–11-класстын окуучулары катышып, мектеп администрациясы актовый залда ыңгайлуу шарт түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Тренингдин жүрүшүндө окуучуларга аркарларды коргоонун мааниси, алардын экосистемадагы ролу жана мыйзам тарабынан кандай корголору тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле иш-чаранын соңунда суроо-жооп уюштурулуп, активдүү катышып, туура жооп берген окуучулар чакан белектер менен сыйланышты.