Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлордун ишке ашырылышынын абалына деталдаштырылган сереп жүргүзүлдү
03-февраль 2025, 14:33
.jpeg)
Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлордун ишке ашырылышынын абалына деталдаштырылган сереп жүргүзүлдү
2025-жылдын 30-январынан 31-январына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун портфелин отчеттук мезгил ичинде 2023-жылдын 15-ноябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки натыйжалуу ишке ашыруунун биргелешкен сереби болуп өттү.
Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргызстандагы абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун улуттук координатору, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы, алдыдагы пландар жана келечектеги иштердин негизги этаптары тууралуу Раимкулова Асель Кадыржановна маалымат берди.
Тартылган каражаттарды өздөштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдери, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу методикасын өркүндөтүү талкуунун башкы маселелеринин бири болду.
Катышуучулар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн, башкаруунун жана мониторингдин алдыңкы ыкмаларын киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, бул долбоорлордун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Бул кароо тажрыйба алмашуу, жетишилген натыйжаларды баалоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу өнүгүүсүнө жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Иш-чарага Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, аткаруучу агенттиктердин жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты. Сереп банктын колдоосу менен каржыланган долбоорлордун учурдагы абалын деталдуу талдоого жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн стратегияларды иштеп чыгууга багытталган.