Ак-Талаа районунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Ак-Талаа районунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 28-февралында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык  жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ак-Талаа районунда атмосфералык абаны коргоо максатында атайын рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддик иш-чара Жол кыймылы коопсуздугу кызматы менен биргеликте жүргүзүлүп, анын алкагында экологиялык талаптарды бузган жарандар жана унаалар аныкталды. Жыйынтыгында, укук бузуулар жонундо кодексинин 234-беренесине ылайык, бир укук бузуучу аныкталып, протокол түзүлдү. Анын натыйжасында 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жургузулуп жаткан рейддери аркылуу экологиялык жактан таза жана коопсуз аймакты камсыздоо боюнча ишин улантууда. Бул иш-чаралардын максаты — коомчулукту экологиялык маданиятка тарбиялоо, жана абаны таза сактоо боюнча коомдук аң-сезимди жогорулатуу.