Коррупцияга каршы мыйзамдардын актуалдуу новеллалары боюнча түшүндүрүү-агартуу иштери жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү
Коррупцияга каршы мыйзамдардын актуалдуу новеллалары боюнча түшүндүрүү-агартуу иштери жүргүзүлдү

24-январь 2025-жылы УКМК кызматкерлеринин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде коррупцияга каршы мыйзамдардын актуалдуу новеллаларына арналган антикоррупциялык иш-чара болуп өттү. 

Министр М.Машиевдин жетекчилиги астында УКМК кызматкерлери ушул жылдын 2025- жылдын 10- январынан баштап күчүнө кирген коррупцияга каршы мыйзамдардын актуалдуу новеллалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатынын арасында түшүндүрүү-агартуу иштерин жүргүзүштү. 

УКМКнын кызматкерлери катышуучуларды коррупциянын кесепеттери жана анын мамлекеттик органдын ишине терс таасири, анын ичинде жаңы киргизилген антикоррупциялык мыйзамдарга ылайык жакын туугандарын тартуу жөнүндө кеңири тааныштырышты. 

Министр М.Машиев өз сөзүндө коррупцияга каршы багытталган мамлекеттик саясат жакшы натыйжа берип жатканын жана биз коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенибизди белгиледи. Жамаатты ак ниет жана абийирдүүлүк менен иштөөгө, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди коррупциясыз аткарууга чакырды.