“Экология плюс” ЖЧК пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү
“Экология плюс” ЖЧК  пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү

2025-жылдын 14-февралында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын тургуну тарабынан тартылган  видео материалынын негизинде Жайыл районунун Кара-Балта шаарында  жайгашкан “Экология плюс” ЖЧК  пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун тартиби бузулганы аныкталып, инспектор тарабынан укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. Бул эреже бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 230-беренесине ылайык суммасы 28000 сом айып пул салынды жана жогоруда көрсөтүлгөн бузууларды көрсөтүү менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде бузуулар четтетилгенге чейин биологиялык медициналык калдыктарды жок кылуу боюнча Крематордун иши убактылуу токтотулду.