Чүй облусунун аймагында жайгашкан “Партнер нефть” ЖЧКсына караштуу май куйучу жайларга пландуу текшерүү жүргүзүлдү
18-февраль 2025, 11:05

2025-жылдын 14- февралында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Чүй облусунун аймагында жайгашкан “Партнер нефть” ЖЧКсына караштуу май куйучу жайларды пландуу текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүнүн жүрүшүндө 8 оор жүк ташуучу унаалар текшерилип, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн 2 учур болуп, укук бузуу жөнүндө 2 протокол түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык 2 айып пул салынды, жалпы суммасы– 46000 сомго. Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле атмосферага булгоочу заттарды чыгаруучу жүзөгө ашыруу тартибин бузуу боюнча жана кооптуу өндүрүш объекттерин иштетүү эрежелерин белгилеген өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу боюнча фактылары аныкталып, инспекторлор тарабынан укук бузуу боюнча протоколдор түзүлдү.
Бул эрежелер бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин №230 жана 274-беренелерине ылайык жалпы суммасы 45000 сом айып пул салынды жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмө берилди.