Ош-Ноокат жолундагы карьерлердин экологиялык жана техникалык абалы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү
24-январь 2025, 18:01

2025-жылдын 21-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынындагы көтөрүлгөн Ош-Ноокат жолундагы жер казынасын пайдалануучу карьерлер боюнча, Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөсөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Б. Дж. Джусупбеков аталган Ош-Ноокат жолундагы карьерлердин абалы боюнча ордунда, Ош шаарынын мэри жана Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарлары менен биргеликте таанышып чыкты.
Ошондой эле, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгына, жергиликтүү мекеме ишканалар менен биргеликте, Ош-Ноокат жолунун жээгиндеги бардык карьерлердин экологиялык жана техникалык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын текшерип, мыйзам чегинде чара көрүү керектигин белгилеп, тапшырмаларды берди.