Министрлик тараптан абанын булганышы боюнча аткарылып жаткан иштер

Чүй өрөөнү
Министрлик тараптан абанын булганышы боюнча аткарылып жаткан иштер

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри М.Ж. Тургунбаевдин төрагалыгы астында Ведомстволор аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны өткөрүлдү. Жыйында М. Тургунбаевдин демилгеси менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү иликтөөлөрү менен чыгып сүйлөштү. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (ЕКПА), дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Финляндиянын метеорологиялык институтунун, ЮНИСЕФтин, миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү "Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүү: таза абанын жол картасы" темасында биргелешкен изилдөө жүргүзүшкөн. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасында "Бишкек шаарындагы абанын сапатын талдоо: рм2,5 булактарын бөлүштүрүү жана чыгарууларды кыскартуу боюнча чаралар"темасындагы изилдөө сунушталган.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча министр белгилегендей, абанын булганышын чечүүгө багытталган бир катар маселелер чечилген (жаңы конуштарды газдаштыруу, коомдук транспорттун экологиялык түрүнө өтүү ж.б.).). 

Ошондой эле, бир катар протоколдук тапшырмалар аткарылбай калганы белгиленип, Тиешелүү кызматтарга жана министрликтердин өкүлдөрүнө Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча буга чейин коюлган тапшырмаларды кынтыктыз аткаруу керектиги белгиленди. 

Атмосфералык абанын булганышына каршы аракеттенүү алкагында Министрлик тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планы иштелип чыгып, КРнын Президенттин Администрациясы макулдашты. Ал эми Финансы министрлигине акча каражатын бөлүп берүү боюнча иштер жүруп жатканыдыгы белгилүү болду.