Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору менен Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы "атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд 2023-жылдын 25-декабрында жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 15 микроавтобус текшерилди, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашык көрсөткөн жок. Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар улантылат.