Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүүнү күчөтүү максатында, Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Сузак районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмү менен биргеликте, “дымомер” аппараттарынын жардамы менен, автоуналардан атмосфералык абага чыгарылган түтүндөрдүн зыяндуулугун аныктоо боюнча ыкчам иш чара жүргүзүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө, Сузак районунун аймагында жүргөн 10 оор жүк ташуучу автоунаалар текшерилди, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн жок. Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Министрликтин,  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, 2023-жылдын 25-октябрындагы №01/2191 сандуу таршырмасы жана 2023-жылдын 23-октябрындагы № 111-ОД буйругу аткарууга алынып, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп, тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды.  

    Ошондой эле,  социладык тармактарга чыккан маалымат боюнча, ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, видео тасмадагы чыгып жаткан түтүн, Сузак районуна караштүү Таш-Булак айыл аймагында жайгашкан “Барсбек Каган и Ко” ЖЧКна таандык асфальт даярдоочу заводунан чыгып жаткандыгы аныкталып, жыйынтыгында аталган заводдун от казанынын газ-чаң тазалоочу орнотмосу (ПГУ) жакшы иштебегендиги үчүн “Укук бузуулар” Кодексинин 230-беренесинин негизинде 28000 сом айып салынды жана кат жүзүндө тийиштүү эскертүүлөр аткаруу үчүн берилди. 

    Жалал-Абад шаарында жашаган 1 жаранга, өсүмдүктөрдүн калдыктарын өрттөгөнү үчүн “Укук бузуулар” Кодексинин   253-беренесинин негизинде 5500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, Жалал-Абад областына караштуу Майлуу-Суу шаарында жайгашкан «Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасынын”  2023-2024-жылдарга карата кышка даярдыгы боюнча текшерүү иш чарасы  жүргүзүлдү.

Аталган ишкананын №1 жана №3 отканаларын кароо учурунда, экологиялык жана ѳнѳр-жай коопсуздуктарын талаптарынын аткарылышы боюнча айрым кемчиликтер аныкталып, аларды тез күндүн ичинде жоюу үчүн ишкананын жетекчилигине тийиштүү тапшырмалар жана эскертуулор аткаруу үчүн берилди.  

Белгилей кетсек, Майлуу-Суу шаары көмүр, газ жана мазут менен жылытылат.