Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги (экологиялык агартуу иштери)

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги (экологиялык агартуу иштери)

Жаратылыш ресурстары министрлигинин регионалдык башкармалыктары, мектеп окуучулары арасында экологиялык сабаттуулукту жайылтуу максатында Чүй аймактык инспектору - А.Курманалиев. Токмок шаарында жайгашкан “Наследие” мектеп-комплексинде  кара түтүн жана  айлана-чөйрөбүздүн таштандыга толгон кѳйгѳйлѳрү боюнча лекцияларды өткөрүп, берилген суроолорго жооп берип, ортодо кɵйгɵйлүү маселелер боюнча талкуу болду. 

Ошондой эле Нарын регионалдык башкармалыгы

Нарын шаарында жайгашкан К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттерине "атмосфералык абанын булганышы,  кесепеттери жана парник эффектисинин жашоо-тиричиликке тийгизген таасири боюнча агартуу иштерин жүргүздү. Азыркы учурдун көйгөйлүү маселелеринин бири болгон смог боюнча студенттер арасында кеңири  маалымат берилди.