Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
06-декабрь 2023, 17:39

КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу аңчылык боюнча адиси менен биргеликте NABU-Кыргызстан уюмунун "Барс тобу" жана "Барс тобу-2" бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Сузак районунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө Чымчык-Жар айылында аңчылык кылып жүргөн төрт жаранга текшерүү жүргүзүшкөн. Алардын үчөөнүн аңчылык кылууга жана мергенчилик курал көтөрүүгө уруксат кагазы бар экени, ал эми бирөөнүкү жок экени аныкталган. Уруксаты барлар бир чөө, 19 жапайы көгүчкөн атышкан.
Мындан улам, уруксат кагазы жок Г.С. аттуу жарандын мергенчилик куралына акт түзүлүп, башкармалыктын курал сактоочу атайын жайына өткөрүлүп берилди.
Ошентип ал жаран “КРнын Укук бузуу кодекси” боюнча тиешелүү административдик айыппул төлөй турган болду.