Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
26-октябрь 2023, 17:45

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин , Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы экологиялык абалды жакшыртуу жана кара түтүн менен күрөшүү боюнча ыкчам чечимдерди жана кечиктирилгис чараларды кабыл алуу максатында жана Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын буйругунун негизинде 2023-жылдын 26 -октябрында Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору жеке менчик мончо, сауналардын таштандыларын өрттөѳ боюнча рейд жүргүзүштү.
Рейддик иш-чаралар (5 мончо) Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын субъектилерине тыюу салынган заттарды өрттөө предметине карата 5 обьект текшерилди. Текшерилген объектилерде мончолорду жылытуу үчүн көмүр колдонулат, эреже бузуулар табылган жок. Андан сырткары Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагына караштуу Дордой базарынын тегерегинде иштеп жаткан дөңгөлөктөрдү желимдөөчү түйүндөргө жараксыз дөңгөлөктөрдү өз алдынча таштандыга таштабастан, желимдерди кайра иштетүүчү чарба субъектерине келишим менен өткөрүү боюнча жана жарандардан резина, пластмасса, тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын жана башка тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө, мончолордо, сауналарда жана жеке менчик үйлөрдө калдыктарды өрттөөгө жол бербөө максатында эскертме билдирүү таратты.
Белгилей кетсек, өндүрүш калдыктарын, резина, пластмасса, тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерде өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 115-беренесине ылайык айып салууга алып келет.