Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы «Акун» ААК компаниясына 28 миң сом айып салды.
22-ноябрь 2023, 16:27

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы «Акун» ААК компаниясына 28 миң сом айып салды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы, Facebook социалдык тармагына жарыяланган “Акун” ЖАК ишканасынын ичинде жайгашкан от казанынан, өзгөчө кара болуп чыккан түтүндүн видео материалынын негизинде жеринен карап чыгып видео материалда көрсөтүлгөн фактынын дал келе тургандыгы жана ишкананын эки от казандарында Шабыркуль көмүрү жагыла тургандыгы аныктады.
Экономика жана коммерция министирлигинен, бул ишкананы пландан тышкары текшерүү үчүн жолдомо алынып, 2023жылдын 20-ноябрында, “Акун” ЖАК ишканасын текшеруу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында текшерүү актысы түзүлүп, кетирген кемчиликтер үчүн бузуулар Кодексинин 230-беренесине ылайык протокол түзүлдү, жана 28000 сом айып пул салынды.
Бүгүнкү күндө от казандардын иштөөсү көрсөтүлгөн бузууларды четтеткенге чейин убактылуу токтотулду.
Ошондой эле, Жаратылыш ресурстары министрлигинин Бишкек жана Аламүдүн регионалдык башкармалыгы, коомдо экологиялык маданиятты калыптандыруу, жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбиялоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында экологиялык коопсуздук жөнүндө Экологиялык билимдерди, айлана-чөйрөнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча маалыматтарды жайылтуу аркылуу экологиялык агартууну 2023-жылдын 21 ноябрь күнү № 25 орто билим берүү мектебинде эко агартуу иштерин жүгүздү