Жаратылыш министрлигине караштуу Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору "Мир" телеканалы жана экологиялык мониторинг департаменти менен биргеликте Кара-Жыгач конушундагы абанын сапатын текшеришти

Чүй өрөөнү
Жаратылыш министрлигине караштуу Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору "Мир" телеканалы жана экологиялык мониторинг департаменти менен биргеликте Кара-Жыгач конушундагы абанын сапатын текшеришти

Жаратылыш министрлигине караштуу Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору "Мир" телеканалы жана экологиялык мониторинг департаменти менен биргеликте Кара-Жыгач конушундагы абанын сапатын текшеришти. Визуалдык көзөмөл үчүн айлана-чөйрөнүн абалын бийиктиктен баалоого мүмкүндүк берген дрон колдонулду. 

Экологиялык мониторинг департаментинин адистери ошондой эле көмүртек кычкыл газын аныктоого арналган АБП аппараты жана азот диоксиди менен күкүрт кычкыл газынын, бар экенин каттаган аспиратор аркылуу атмосфералык абанын үлгүлөрүн алышты. 

Бирок анализдин так натыйжалары лабораторияда иштетилгенден кийин гана белгилүү болот. Абанын мониторинги Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда күнүнө эки жолу жүргүзүлөт. Инспекторлор белгилегендей, эртең менен аба көзгө тазараак көрүнөт, ал эми кечинде булгануу көбүрөөк байкалат. Мониторингде абанын температурасы жана атмосфералык басым сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынат бул экологиялык кырдаалдын өзгөрүү динамикасы жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. 


Биз шаарды таза кылуу үчүн айлана-чөйрөгө кам көрөбүз!