Браконьерликке каршы рейдттик иш-чаралар

Чүй өрөөнү
Браконьерликке каршы рейдттик иш-чаралар

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан браконьерликке, бак-дарактарды жана токой көчөттөрүн мыйзамсыз кыюуга, ошондой эле экология жаатындагы башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча рейдтер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө 13-декабрда Жети-Өгүз районунун Кумтөр-Барскоон унаа жолунда Жети-Өгүз районунун тургуну тиешелүү документтери жок аңчылык кылып жүргөнү аныкталып, текшерүү учурунда тиешелүү уруксат кагазы жок ок атуучу курал жана ок-дарылар табылып, алынган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз РИИБдин аймактык милиция кызматкерине өткөрүлүп берилди.

Рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө 15-декабрь күнү Нарын-Кочкор унаа жолунда жапайы чычырканактарды тиешелүү документтери жок чогултуп жаткан жеринен Ат-Башы районун тургуну аныкталып, эреже бузган жаранга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндө Кодексине ылайык 10 миң сом айып салынды.