Республикалык «Экология балдардын көзү менен» аттуу сүрөт сынагы боюнча басма сөз билдирүүсү

Чүй өрөөнү
Республикалык «Экология балдардын көзү менен» аттуу сүрөт сынагы боюнча басма сөз билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «МувГрин» коомдук бирикмеси менен биргеликте «Экология балдардын көзү менен» аттуу республикалык балдар сүрөт сынагын өткөрөт.


Сынактын максаттары жана милдеттери


Сынактын максаты – өсүп келе жаткан муундун экологиялык маданиятын калыптандыруу, балдардын айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кызыгуусун арттыруу жана алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.


Катышуучулар


Сынакка Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары эки жаш курактык топ боюнча катыша алышат:

    •    Кичүү топ: 1–4-класстар

    •    Ортоңку топ: 5–8-класстар


Катышуу шарттары


Сүрөттөр А3 форматында (297×420 мм) каалаган сүрөт тартуу техникасында аткарылышы керек. Сүрөттүн арткы бетинде катышуучунун маалыматтары (аты-жөнү, жашы, мектеби, ата-энесинин же мугалиминин байланыш номерлери) көрсөтүлүшү зарыл.


Сүрөттөрдүн тематикасы

    •    Айлана-чөйрөнү коргоо

    •    Жапайы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактоо

    •    Аба жана суу булгануусунун көйгөйлөрү

    •    Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын коргоо

    •    Өз жергесиндеги экологиялык көйгөйлөр


Сынактын мөөнөттөрү

    •    Иштерди кабыл алуу: 2025-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин

    •    Жеңүүчүлөрдү жарыялоо: 2025-жылдын 15-майына чейин


Иштерди кайда жөнөтүү керек


Сүрөттөр төмөнкү дарекке кабыл алынат:

г. Бишкек, Эркиндик көчөсү, 2, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, 323-кабине, «Экология балдардын көзү менен» сынагына» деген белги менен.


Ошондой эле ишти райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу тапшырууга болот.


Баалоо критерийлери


Сүрөттөр төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

    •    Темага шайкештиги

    •    Оригиналдуу идея

    •    Көркөм чеберчилик

    •    Аткаруу сапаты

    •    Композициялык чечим

    •    Баяндоо күчү жана эмоционалдуулук


Жеңүүчүлөрдү сыйлоо


Ар бир жаш курактык категория боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:

    •    1-орун – жеңүүчүнүн диплому жана баалуу белек

    •    2-орун – байге ээси диплому жана баалуу белек

    •    3-орун – байге ээси диплому жана баалуу белек

    •    5 кызыктыруучу сыйлык

    •    6 катышуу үчүн сыйлык


Мыкты иштер Кыргыз Республикасынын Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде көргөзмөгө коюлат жана анын расмий сайтына жарыяланат. Кээ бир сүрөттөр министрликтин 2026-жылга карата расмий календарынан орун алып, алардын авторлору атайын диплом жана календардын жеке нускасын алышат.


Кошумча шарттар


Катышуучулар сынакка катышуу үчүн уюштуруучулардын социалдык тармактардагы баракчаларына жазылып, акыркы 10 жарыялоого лайк басышы керек:

    •    Instagram: @mnrgovkg

    •    Facebook: @mnrgovkg

    •    Instagram: @movegreen.kg


Мындан тышкары, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Чүй облусу, Бишкек жана Ысык-Көл облустарындагы катышуучулар үчүн аймактык баракчалар жеткиликтүү.


Байланыш маалыматтары


Кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сайтынан алууга болот:

https://mnr.gov.kg/


Сынакка катышуу менен, авторлор жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү анын шарттарына макул болгонун ырасташат. Тапшырылган иштер кайра кайтарылбайт жана кайра каралып чыкпайт. Уюштуруучулар сүрөттөрдү коммерциялык эмес максаттарда колдонуу укугун өзүнө калтырат.

Республикалык сурот кыргызча.docx


Сиздердин чыгармачылык иштериңиздерди күтөбүз!