Ысык-Көл районундагы эс алуу жайларына жүргүзүлгөн контролдук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көл районундагы эс алуу жайларына жүргүзүлгөн контролдук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу

2025-жылдын 19-февралында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматтын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында жайгашкан “Дельфин” эс алуу жайында контролдук текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен айрым экологиялык талаптардын бузулганы жана алдын ала берилген эскертмелердин аткарылбагандыгы белгиленди.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-пунктуна ылайык эс алуу жайына 13,000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Ошондой эле, жер астындагы сууларды пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 17000 сомго айып салынды.

2025-жылдын 20-февралында Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы “Керемет-Суу” эс алуу жайы дагы текшерүүдөн өтүп, белгиленген экологиялык нормаларга карата бир катар бузуулар аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Керемет-Суу” эс алуу жайына дагы белгилүү болгон мыйзам бузуулар үчүн 13,000 сомго айып салынып, жер астындагы сууларды пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 17,000 сомго  айып салынды.

Эскертүү: Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматтары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн максаты — Ысык-Көл облусунун экологиялык абалын жакшыртуу жана келечек муундар үчүн табигый ресурстарды сактоо болуп саналат.