Сколтехтин окумуштуулары акылдуу оптикалык таштанды сорттоочу аппаратты иштеп чыгышты

Чүй өрөөнү
Сколтехтин окумуштуулары акылдуу оптикалык таштанды сорттоочу аппаратты иштеп чыгышты

«Известия» басылмасынын маалыматына ылайык, Сколтехтин окумуштуулары таштандыларды формасы, түсү жана материалы боюнча иргей алган акылдуу оптикалык сорттоочу аппараттын прототибин иштеп чыгышты. Жаңы аппарат жылына 60 миллион тонна катуу тиричилик калдыгынан кеминде 5 миллион тонна айнек, пластик, металл, картон жана кагазды бөлүп алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле ал объектилердеги этикеткаларды тааный алат.


Бир аппарат 30 адистин жумушун алмаштыра алат. Учурда ал 12 класстагы таштандылар менен иштеп, секундасына онго чейин объектти 90% тактык менен иргей алат. Таштанды 2 метр кеңдиктеги конвейердик лента боюнча 3 м/с ылдамдыкта жылат. Аны сканерлөө ишин оптикалык жана гиперспектралдык камералар аткарат. Сорттогондон кийин керектүү материалдарды кайра иштетүүгө жөнөтүүгө болот.


— Сепаратордун “мээси” – бул компьютердик көрүү технологиясына негизделген таануу жана классификациялоо системасы. Ал пайдалуу фракцияларды бир секунда ичинде аныктап, аларды анализден кийин конвейердин аягындагы атайын бөлүмгө аба агымы менен бөлүп чыгарат, — деп билдиришти окумуштуулар «Известия» басылмасына.


Бул технологияны быйыл Россиядагы таштанды кайра иштетүүчү заводдордун биринде сыноодон өткөрүү пландалууда. Аппарат учурда өлкөгө жеткирүү кыйын болгон чет элдик сепараторлорду алмаштырууга багытталган.


Буга чейин маалым болгондой, Россиянын региондорунда таштандыларды сорттоо деңгээли 54%дан ашты.