Ата-бабаларды эскерүү күнү менен
08-ноябрь 2024, 11:02

Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү менен Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке ɵзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.
Бул күнү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү каралган.
Айтылышы бир сɵз бирок, мааниси миң жылдырга тете бул эскерүү күндɵрү- кыргыз элинин таш карыткан тарыхындагы ɵтɵ орчундуу учурларды, далай кыл чайнашкан кыйын-кезеңдерден ɵтүп, бүгүнкү кɵз карандысыз мамлекет катары ɵз алдынча түндүк кɵтɵрүп турган мезгилине чейинки окуяларды камтыйт.
Мамлекетибиздин басып ɵтүп келе жаткан бай тарыхы, уңгулуу маданияты, атагы алыска кеткен мыкты инсандар ушундай мыкты майрамдардын жаралышына себеп болуп отурат жана мындан ары дагы, ал тарых барактары
Тарыхты терең түшүнүү менен гана Кыргызстан келечекте өнүгүүнүн багыттарын туура аныктайт, болочок муун үчүн бекем негиз түзөт, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алаарына терең ишенебиз.
Ар дайым Кыргызстанда тынчтык, бакубатчылык ынтымак болсун.
Министр М. Машиев