Урматтуу журналисттер жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери!
07-ноябрь 2024, 10:00
Чүй өрөөнү

Сиздерди Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке ɵзүмдүн атымдан чын дилимден кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Биз бүгүн медиа ааламдашуу доорунда жашап, анын ажырагыс бөлүгүнө айлануудабыз жана бул жерде журналисттердин калкты агартуудагы ролун белгилей кетүү абдан маани Быйыл биз Кыргызстандын журналистикасынын 100 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Тарыхты эске салсак, 1924-жылдын 7-ноябрында биздин «Эркин Тоо» гезитинин кыргыз тилиндеги алгачкы саны Ташкентте жарык көрүп, бүгүнкү күнгө чейин бар.
Ошондон бери массалык маалымат каражаттарынын тарыхында коомдун муктаждыктарын, өнүгүүнүн жаңы багыттарын, жаңы идеяларды, көз караштарды түшүнгөн чыгаан журналисттер пайда болду.
Мамлекеттик органдар менен элдин ортосунда кандайдыр бир көпүрө болуп, жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөбүздүн эркиндигине, демократиясына жана ачыктыгына өзгөчө салымын кошууда.
Калемиңиздер курч, калыс болуп, ар бир маалымат чыгармачылык эргүү менен жаралып, өлкөбүздүн жыргалчылыгына, өнүгүүсүнө багытталсын. Баарыңыздарга чың ден соолук, ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди жана ийгиликтерди каалайм.
Министр М. Машиев