Терең кайгыруу менен кабарлайбыз: 64 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин Аналитика жана пландоо башкармалыгынын Төлөмдөрдү талдоо бөлүмүнүн башчысы Маматаиров Бекболот Кенешович дүйнөдөн кайтты

Чүй өрөөнү
Терең кайгыруу менен кабарлайбыз: 64 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин Аналитика жана пландоо башкармалыгынын Төлөмдөрдү талдоо бөлүмүнүн башчысы Маматаиров Бекболот Кенешович дүйнөдөн кайтты

Терең кайгыруу менен кабарлайбыз: 64 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин Аналитика жана пландоо башкармалыгынын Төлөмдөрдү талдоо бөлүмүнүн башчысы Маматаиров Бекболот Кенешович дүйнөдөн кайтты.


Маматаиров Бекболот Кенешович 1960-жылдын 22-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Жыланды айылында төрөлгөн. Жогорку билимге ээ болуп, өмүрүн өз элине кызмат кылууга жана айлана-чөйрөнү коргоого арнаган.


Ал мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, “Айлана-чөйрөнү коргоонун отличниги” жана “Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын отличниги” сыйлыктарынын ээси болгон. Бекболот Кенешович экология  жаатындагы жогорку кесипкөйлүгү менен айлана-чөйрөнү коргоо саясатына олуттуу салым кошуп, өз ишине берилгендиги менен кесиптештерине үлгү болгон.


Маркум боорукер, ак жүрөк жана бардык адамдарга жардам берүүгө даяр адам эле. Анын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып, жасаган эмгектери келечек муундарга өрнөк болуп калат.


Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2024-жылдын. 18- ноябрь күнү саат 14:00дө Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылында, Забайкальская көчөсү 37-А дарегинде өтөт.


Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!