Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин Байкоочу кеңешинин отуруму болуп өттү жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылга КТАД боюнча отчету сунушталды
09-январь 2024, 14:39

2023-жылдын 28-декабрында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда КТАДдын Байкоочу кеңешинин отуруму болуп өттү.
Жыйында 2021-жылы КТАД боюнча отчеттуулукка ийкемдүү мамиле кылуу темалары, Кыргыз Республикасынын 2021-жылга КТАД боюнча Отчетунун презентациялары жана талкуулары болду.
Мындан тышкары, ведомствонун сайтында маалыматтарды жарыялоо менен контракттарды жана лицензиялык келишимдерди, бенефициардык менчикти, ошондой эле КТАДдын 2024-жылга иш планын ачуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулардын басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын 2021-жылга КТАД боюнча отчетун жана аларга айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен тактоолорду жана оңдоолорду киргизүү менен 2024-жылга КТАД боюнча иш планын жактырышты.