«Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коррупцияга каршы саясатты алдын алуу» темасында тегерек стол өттү

Чүй өрөөнү
«Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коррупцияга каршы саясатты алдын алуу» темасында тегерек стол өттү

2023-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (ЖРЭТКМ) Кыргыз геологиялык кызматы (КГК) тарабынан «Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коррупцияга каршы саясатты алдын алуу» темасына арналган иш-чара өттү.

Бул тегерек стол КГК, ЖРЭТКнин Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңеши (ККИК) жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институту тарабынан уюштурулду. Мындан тышкары, иш-чарага жер казынасын пайдалануучу компаниялардын өкүлдөрү катышып кетишти.

Катышуучулар геология жана жер казынасын пайдалануу тармагындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. Алардын ичинде мыйзамдык жана усулдук-нускоочу базаны өркүндөтүү, административдик жана электрондук/техникалык рычагдарды колдонуу, жер казынасын пайдалануу процесстерин санариптештирүүгө өтүү.

Катышуучулар төмөнкүдөй темалар боюнча баяндама жасашты:

- Коррупцияга каршы пропаганда жана агитация

- Ички иликтөөлөр сектору тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы тандалган чаралар

- Коррупциянын коркунучу жана ага каршы күрөшүүдө Билим берүү жана илим министрлигинин тажрыйбасы.

Бул антикоррупциялык билим берүү процессинде коррупцияга жол бербөө боюнча активдүү жарандык позицияны калыптандыруу максатында аталган эксперттер коррупцияга каршы экспертизанын жоболорун, жеке мыйзамдарды жана коррупциянын алдын алуу боюнча ченемдерди түшүндүрүштү. Катышуучулар жер казынасын пайдалануучулардын жана сом ведомстволорунун кызматкерлеринин арасында чынчылдык жана ак ниеттүүлүк маданиятын көтөрүүнү белгилешти.

Бул иш-чара “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-аракеттер планын” ишке ашыруунун алкагында өтүп. Ошондой эле жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата арналган.