Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери «Snow Leopard Run 2024» жарым марафонунда
30-сентябрь 2024, 11:03

Министрдин орун басары М.Аманкулова баштаган Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери 2024-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында өткөн бешинчи эл аралык «Snow Leopard Run 2024» кайрымдуулук жарым марафонуна катышты.
Экологдор активдүү жашоо образына жана экологиялык демилгелерге берилгендигин көрсөтүү үчүн старт линиясына чыгышты. Кызматкерлер мыкты натыйжаларды көрсөтүштү.
Чүй регионалдыкбашкармалыктын егерлери 14 чакырым аралыкка чуркашты. Борбордук аппараттын эки кызматкери 5 чакырым аралыкты чуркап өтүштү.
Жеңүүчүлөрдү сыйлык тапшыруу аземинде министрдин орун басары А.Аманкулов "айлана-чөйрөгө кам көрүү жана спорт, сергек жашоо образы ажырагыс байланышта. Биз марафонго катышуубуз-бул ар бир адам спорт менен машыгуу менен экологияны жакшыртууга салым кошо ала тургандыгына жеке мисал менен көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк", -деп баса белгиледи.
Жарыш салт боюнча Ала-Тоонун борбордук аянтынан башталды. Маршрут Чүй проспектиси, Юсуп Абдрахманов көчөсү, ВДНХ, Чыңгыз Айтматов проспектисин камтыды.
Дистанцияларда: 5 км, 14 км жана 21,1 км, ошондой эле үч жаштан он үч жашка чейинки балдар үчүн «Kulikov Kid’s Run» жарышы.
Жарышка мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да катышты.
Белгилей кетсек, быйыл жарым марафонго 4,5 миңге жакын адам катышты.