Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкери И.Гильфановду «Даңк» медалы менен сыйлады.
19-октябрь 2023, 14:54

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элин жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жамаатын «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн башталганынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чарада биздин министрликтин өнөр жай коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ильдар Вазифович Гильфанов «Даңк» медалы менен сыйланды. Геология, тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана бул тармактын маданий потенциалын көтөрүүгө кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле Кумтөр алтын кенин Кыргыз Республикасынын менчигине кайтаруу иштерине түздөн-түз катышкандыгы үчүн, ошондой эле «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 30 жылдыгынын урматына сыйланды.
Министр М.Тургунбаев, министрдин орун басарларын жана бакшармалыктардын, бɵлүмдɵрдүн башчылары министрликтин эмгек жамаатынын атынан И.Гильфановду, сыйлыгы менен чын жүрɵктɵн куттукташты. Министр өз сөзүндө Ильдар Вазифовичтин Кумтөр алтын кенин Кыргыз Республикасынын менчигине кайтаруу иштериндеги өзгөчө эмгегин белгиледи жана чың ден -соолук, ишиңизге ийгилик жана бардык нерседе бакубатчылык каалап ɵттү.