Кыргыз Республикасында абанын сапатынын индексин иштеп чыгуу боюнча кеңешме

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасында абанын сапатынын индексин иштеп чыгуу боюнча кеңешме

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл  министрлигинде абанын сапатынын индексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Жыйын министрдин орун басары  А. Раимкулованын жетекчилиги астында өтүп, жыйынга Саламаттык сактоо министрлигинин жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын өкүлдөрүда катышышты.

Жолугушуунун негизги максаты абанын сапатынын Улуттук индексин иштеп чыгууда пайда болгон көйгөйлөрдү талкуулоо болду. Жолугушуунун катышуучулары учурдагы кыйынчылыктарды анализдеп, аларды чечүү жолдорун сунушташты. Талкуунун жүрүшүндө ар бир Тарап өз сын-пикирлерин жана сунуштарын бере алды, бул көйгөйлөрдү чечүүгө кыйла комплекстүү мамиле жасоону иштеп чыгууга мумкундук берди

Отурумдун жыйынтыгында ведомстволор аралык комиссиянын курамын жаңыртуу чечими кабыл алынып, мыйзам алдындагы актынын долбоорун кыска мөөнөттө иштеп чыгуу тапшырылды. Бул өлкөдөгү абанын сапатын жана экологиялык абалды жакшыртууга карай маанилүү кадам болуп калат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги актуалдуу экологиялык демилгелердин үстүндө иштөөнү улантат жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн дени сак жана коопсуз айлана-чөйрөнү камсыз кылууга умтулат.