Жаныбарлар дүйнөсүн сактоо

Нарын өрөөнү
Жаныбарлар дүйнөсүн сактоо

“Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жапайы жан-жаныбарларга кошумча тоют берүү максатында 2024–жылы даярдалган чөп жана шыпыргы  2025-жылдын 14-16 январь күндөрү парктын аймагындагы мерчемдүү жерлерге чачылды жана илинди. 

Салкын-Төр жаратылыш паркы Нарын облусунда жайгашкан. Аянты 10448 гектар. Бул жерлердин укмуштуудай кооз жаратылышы эч кимди кайдыгер калтырбайт. Бул жерде Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлар, канаттуулар, курт-кумурскалар, өсүмдүктөр жашайт.Жаратылыш паркы Кызыл китепке кирген маралдарды сактоого багытталган.