"Кыргызстандагы таза аба боюнча Прогресс: өнөктөштөр менен демилгелердин кызматташтыгы"көп тараптуу диалогу старт алды

Чүй өрөөнү
"Кыргызстандагы таза аба боюнча Прогресс: өнөктөштөр менен демилгелердин кызматташтыгы"көп тараптуу диалогу старт алды
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсесинин, БУУнун айлана-чөйрө боюнча Программасынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсесинин, БУУнун айлана-чөйрө боюнча Программасынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен "Кыргызстандагы таза аба боюнча Прогресс: өнөктөштөрдүн кызматташтыгы жана чоң натыйжа үчүн демилгелер"деген көп тараптуу диалогду өткөрүүдө. 

Иш — чаранын максаты-атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча прогрессти жана мындан аркы кадамдарды талкулоо, ошондой эле жакынкы жылдарга карата артыкчылыктуу иш-аракеттерди иштеп чыгуу үчүн платформа түзүү. 

Иш-чаранын алкагында Министрлер Кабинетинин 29-майындагы 2023-жылдагы буйругу менен түзүлгөн экологиялык абалды жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыктары сунушталат. Комиссия тарабынан КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин жетекчилиги алдында 20дан ашык отурум өткөрүлгөн, анын жүрүшүндө атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча негизги чечимдер кабыл алынган.

Диалогдун жүрүшүндө эксперттер жана катышуучулар айлана-чөйрөнүн экологиялык абалын жакшыртуу боюнча эл аралык тажрыйбаны, абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча демилгелерди, жарандардын ден соолугуна абанын булганышынын таасирин жана туруктуу тажрыйбаларды талкуулашат жана сунушташат.


Маалымдама: 

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдарды жасады. 2023-жылы жылытуу, транспорт, электр энергиясын өндүрүү жана таштандыларды башкаруу сыяктуу тармактарда булганууну азайтуу боюнча негизги чараларды жалпылаган саясий нота иштелип чыккан. Анын негизинде Министрлер кабинети 2024-2025-жылдарга карата абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын бекитти. 

Көп тараптуу диалог атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана бардык жарандар үчүн таза экологиялык чөйрөнү түзүү алкагында мындан аркы кызматташуу үчүн маанилүү аянтча болуп калаары күтүлүүдө.