Тик-ток социалдык тармагына жарыяланган “Форель №1” кафеси боюнча маалымат
28-декабрь 2023, 13:58

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы, Тик-ток социалдык тармагына жарыяланган “Мына сиздерге смог” аттуу “Орто-Сай” базарынын ичинде жайгашкан, “Форель №1” кафесинен кара болуп чыккан түтүндүн видео материалынын негизинде жеринен карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Жогорудагы видеодо көрсөтүлгөн “Форель №1” кафеси жеринен барып кароодо, кафе жабык экендиги жана кошуналарынын айтымында оңдоо иштерине жабылгандыгы аныкталды. Азыркы учурда ишкана токтоп турат.
Башкармалык тарабынан Экономика жана коммерция министирлигине, бул ишкананы пландан тышкары текшерүү үчүн жолдомо жөнөтүлүп жана жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.