Ак-Талаада мыйзамсыз бак-дарактар кыйылып жатат
10-январь 2025, 09:16

Нарын облусуна караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын инспекторлору, 8-январь 2025-жылы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айыл аймагында айыл клубунун түндүк тарабын камтыган рейд өткөрүштү.
Рейдттин жүрүшүндө Байгөнчөк айыл округунун башчысы 36 Карагач дарагын мыйзамсыз кыйганы аныкталган. Бул факт боюнча акт түзүлүп, КР Өкмөтүнүн №224 токтомунун негизинде келтирилген зыян үчүн доо коюлуп, анын суммасы 54804,54 сомду түзгөн. Түзүлгөн материалдар Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Жаратылыш министрлигине краштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коомчулукту экологиялык мыйзамдарды сактоого, жаратылышты коргоого жана мыйзамсыз бак-дарактарды кыюуга каршы күрөшүүгө чакырат.
Мындан ары экологиялык укук бузуулардын алдын алууга жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча бардык күч-аракеттер жумшалат. Жарандарга экологиялык укук бузуулар жөнүндө билдирүү жана аларды жоюуга активдүү көмөктөшүү сунушталат.