Аламүдүн районунда браконьерлерден сегиз фазан жана мыйзамсыз курал-жарак алынды
11-ноябрь 2024, 14:38

2024-жылдын 8-ноябрында ноябрда Аламүдүн районунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда браконьерлер кармалды. Алар тарабынан мыйзамсыз түрдө сегиз фазан атылып, катталбаган курал-жарактар алынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарга бир фазанды мыйзамсыз атуу үчүн 5000 сом доо каралганын эскертет. Жапайы жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу олуттуу айып пулдарга жана курал-жаракты конфискациялоого алып келиши мүмкүн. Браконьерликке каршы күрөшүү жана аймактагы биоресурстарды сактоо үчүн ушундай рейддер туруктуу түрдө жүргүзүлүп турат. Браконьерлик учурларжды маалымат берүү үчүн Министрликтин 108 ишеним телефонуна кайрылууга болот.