Бишкек жана Аламүдүн райондорунда мыйзамсыз таштандыларды таштоо боюнча рейд өткөрүлдү
10-март 2025, 15:05

2025-жылдын 6-мартында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору фейсбук социалдык баракчасында жарыяланган Ала-Арча суу сактагычынын аймагында мыйзамсыз таштандылар жайгаштырылып жаткан фактылар боюнча комиссиялык кароо өткөрүштү.
Рейддин алкагында, райондук администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана Чүй областтык суу чарбасынын адистеринин катышуусунда жүргүзүлгөн кароо учурунда аталган аймакта таштандыларды мыйзамсыз төккөн жаран аныкталды. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 115-беренесинин негизинде 5500 сом айып пул салынды.
Бул иш-чаралардын максаты — жарандарга экологиялык мыйзамдарды түшүндүрүү, мыйзамсыз таштандыларды төгүүнү болтурбоо жана жаратылышты коргоо боюнча коомчулукту жоопкерчиликти кабыл алууга тарбиялоо болуп саналат. Экологиялык абалды сактоо жана мыйзамдарды бузуу фактыларына каршы күрөшүү үчүн ушундай рейддер улантылат.