Чүй облусунда браконьерлер кармалды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда браконьерлер кармалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмү Чүй облусунда рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Рейддердин натыйжасында бир нече жарандар мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн кармалды.

Мыйзам бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренеси (аңчылык эрежелерин бузуу) боюнча протоколдор түзүлдү. Алардын ар бирине 12500 сомдон административдик айыптар салынды. Жалпысынан 50 000 сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү улантып, аймактардагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн ишин күчөтүүдө.