Кара-Балта шаарында “Бакай” мейманкананын морунан коюу кара түтүн чыгып, абаны булгап жаткандыгы тууралуу vesti kb редакциясына шаар тургундары билдиришти

Чүй өрөөнү
Кара-Балта шаарында “Бакай”  мейманкананын морунан коюу кара түтүн чыгып, абаны булгап жаткандыгы  тууралуу vesti kb редакциясына шаар тургундары билдиришти

Кара-Балта шаарында “Бакай”  мейманкананын морунан коюу кара түтүн чыгып, абаны булгап жаткандыгы  тууралуу vesti kb редакциясына шаар тургундары билдиришти. 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын инспекторлору 2024-жылдын 9-январьда Кара-Балта шаарындагы, Космонавттар көчөсү №4 дарегиндеги жерге барып «Бакай» мейманканасы көмүр менен жылытылгандыгы жеринде аныкталган.

Ошондой эле участкалык инспекторлор тургундар, видеоклиптин автору жана аталган мейманкананын жетекчилиги менен жолугушту. Тактоо иштери жүргүзүлүп, бул мейманкананын жетекчилиги мордон (котельныйдан) чыккан түтүн боюнча түшүнүк кат жазышкан. «Бакай» мейманканасына тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) өрттөп жибербөө жана бул тыюу салынган заттар өрттөлгөн учурда 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып пул салынаары жана Ошондой эле газ менен жылытууга өтүү сунушталды.