Ысык-Көл облусунда пластикти колдонууга тыюу салуу боюнча маалыматтык кампания башталды жана айыппул санкциялары киргизилди
05-март 2025, 16:21

2024-жылдын 5-мартында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Райондук администрациясында эс алуу жайлар жана конок үйлөрүнүн катышуусунда Туризм форуму жана Экологиялык маселелер боюнча талкуу болду.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомчулук катышып, экология боюнча төмөнкү маселелер каралды.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздукту камсыздоо, КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрели ПЖ No 131 “Ысык-Көлдун экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде өткөрүлдү.
Ошондой эле, тиешелүү мыйзамдарды жергиликтүү элге түшүндүрүү болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды:
Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августунда кабыл алынган №177 мыйзамына ылайык, Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасында, парк-пляж аймактарында жана көлдүн жээктеринде полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды колдонууга тыюу салынган.
Бул чектөөлөр боюнча жергиликтүү калкка кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы №172 Жарлыгына ылайык, аталган аймактарда балык уулоого убактылуу тыюу салынган. Бул чара суу ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында кабыл алынган. Жергиликтүү тургундарга жана ишкерлерге мораторийдин маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Таштандыларды туура башкаруу
Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыктын негизинде, таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштоо, үйүп салуу же өрттөө маселелери да көтөрүлдү. Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бул көйгөйдү чечүү боюнча иш-аракеттер талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана калк биргеликте иш алып барып, экологиялык нормаларды сактоо боюнча активдүү иштөөгө чакырылды.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.