Кыргызстанда “Климат жумалыгы” башталат

Чүй өрөөнү
Кыргызстанда “Климат жумалыгы” башталат

Кыргызстанда 2024-жылдын 7-октябрынан 11-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган “Климат жумалыгы” өткөрүлөт. 

Бул иш-чара Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына туш келди.

Климат жумалыгынын негизги максаты - Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, глобалдык температуранын жогорулашын басаңдатуу жана орун алган кесепеттерге ыңгайлашуу аракеттерине көңүл буруу. 

Жумалыктын жүрүшүндө бардык негизги катышуучулар: илимдин, жарандык коомдун, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү активдүү катышат. 

Иш-чаралар массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылат.

Жаратылыш ресурстары министрлиги мамлекеттик жана коомдук уюмдарды климаттын чакырыктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана адамдардын жүрүм-турумундагы оң өзгөрүүлөрдү жайылтуу максатында форумдарды, акцияларды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү аркылуу "Климат жумалыгын" колдоого чакырат.

Белгилей кетсек, "климат жумалыгы" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун тапшырмасын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жатат.